www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ президенти Владимир Путин Сириянын президенти Ахмед аль-Шараа менен алгач ирет сүйлөшүү жүргүздү. Телефондук сүйлөшүү конструктивдик маанайда өткөнүн Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүйлөшүү учурунда Путин менен Аль-Шараа Сириядагы абалды талкуулашкан. Путин маектешине ийгилик каалап, Сириянын аймактык толуктуулугу жана биригүү позициясын колдой турганын билдирди. Путин Россиянын Сириядагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга, жарандарга гуманитардык жардам жиберүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

28-январда Дамаск шаарында россиялык делегация Сириянын жаңы бийлиги менен жолуккан. Сириянын бийлиги берген маалыматка ылайык, жолугушууда ишенимди калыбына келтирүү маселеси талкууланган. Ал эми Россия тарап өзүнүн Сириядагы аскер базалары боюнча талкуулар улана турганын белгилеген.

Последние новости