www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин төрт мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Донбасс аймагында түзүлгөн таанылбаган Донецк жана Луганск Элдик республикаларын, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын курамына кошуу келишимдерин ратификациялоо тууралуу төрт мыйзамга кол койду.

Орусия 2026-жылга чейин созула турган өткөөл мезгилдин алкагында жаңы аймактарды интеграциялоону пландоодо. 2023-жылга чейин гривна менен төлөөгө болот, андан кийин бул аймактарда орус рубли гана жүгүртүүдө болот. Жаңы аймактардын Куралдуу Күчтөрү Орусиянын курамына киргизилет жана Орусия Федерациясынын Конституциясына каршы келген укуктук нормалар, анын ичинде өлүм жазасы колдонулбайт.

Федерациянын жаңы субъекттеринин чек аралары келишимдердин негизинде «алар түзүлгөн жана Орусия Федерациясына кабыл алынган күнү болгон» чек аралар менен аныкталат. Жаңы аймактардын жетекчилери шайланмайынча, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, аларды Путин дайындаган убактылуу аткаминерлер жетектейт. Аймактык парламенттерге шайлоо 2023-жылдын сентябрында бир добуш берүү күнүндө өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, 23-27-сентябрда Запорожье облусунун оккупацияланган аймагында, ошондой эле таанылбаган КЭР жана ЛЭР жана оккупацияланган Херсон облусунда «Орусияга кошулуу боюнча бир тараптуу референдумдар» өткөн. Протоколдордун 100% иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча Запорожье облусунда 93,11%, Херсон облусунда - 87,05%, ДЭРде - 99,23%, ЛЭРде - 98,42% кошулууну колдогон.

Референдумдун жыйынтыгын БУУ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, НАТО баш болгон эл аралык уюмдар тааныбай, аны мыйзамсыз деп аташкан.

30-сентябрда Путин Украинанын Донбасс аймагындагы таанылбаган Луганск, Донецк Элдик Республикалары менен Херсон жана Запорожье облустарын Орусияга кошуу жана аннексиялоо боюнча келишимдерге кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости