www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумуна катышуу үчүн Владивостокко барды. 

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, дүйшөмбү күнү президентке Ыраакы Чыгышты өнүктүрүүнүн жыйынтыктарынын интерактивдүү презентациясы берилет.

Путин видеобайланыш аркылуу Ыраакы Чыгыш шаарларын өнүктүрүү программасы боюнча жолугушуу өткөрөт, ошондой эле Россияда маданий-агартуу кластерлерин куруу боюнча отчетту угаары айтылды.

Президент ошондой эле Приморск аймагынын губернатору Олег Кожемяко менен жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Белгилей кетсек, эртең, 12-сентябрда Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Негизги чет элдик мейман Лаостун вице-президенти Пани Ятхоту болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости