www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин адамы Жапонияга катуу эскертүү берди

Антиорусиялык санкциялар киргизилгенден кийин Орусия менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин кесепеттери сөзсүз болот, Москва жооп кадамдарын иштеп чыгууда өз кызыкчылыктарын жетекчиликке алат. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Белгилей кетсек, Япония вакциналарды, медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди, өзөктүк материалдарды жана аппараттарды, ошондой эле жардыргыч заттарды аныктоо үчүн жабдууларды Орусияга экспорттоого тыюу салганын Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги билдирген.

«Өтө кейиштүү абалда турган эки тараптуу мамилелердин кесепеттери, тилекке каршы, мындай чечимдерден кутулуу мүмкүн эмес. Албетте, биз жооп кадамдарын иштеп чыгууда биринчи кезекте өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды жетекчиликке алабыз», - деди Песков журналисттерге.

Ал ошондой эле санкцияларга кандай жооп болот деген тактоочу суроого – дипломатиялык же экономикалык өңүттө: «Албетте, экономикалык», - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости