www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жараны Марк Фогел Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан кечирилгенин билдирди. Анын сөздөрү Ак үйдүн YouTube-каналында түз эфирде көрсөтүлдү.
"Президент Путин өтө кайрымдуу болуп, мени кечирүү менен чыныгы мамлекеттик ишмер катары өзүн көрсөттү", — деди Фогел.
Ал эми АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да Россиянын лидерине Фогелди бошоткону үчүн ыраазычылык билдирди.
Марк Фогел жана анын жубайы 2021-жылдын август айында Москвадагы Шереметьево аэропортунда кармалган. Текшерүү учурунда анын жүгүнөн марихуана жана гашиш майы табылган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, анын жубайы күч органдары келгенге чейин батирде болгон далилдерди жок кылууга жетишкен.
Россиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2021-жылдын май айына чейин Фогел жана анын аялы дипломатиялык макамга ээ болушкан. Бир версия боюнча, Фогел дипломатиялык статусун пайдаланып, баӊги заттарын Россияга алып кирип, англо-америкалык мектебинин окуучуларына таратып турган болушу мүмкүн.
АКШнын мурдагы элчилигинин кызматкери өзгөчө ири өлчөмдөгү баӊги заттарын мыйзамсыз ташып келүү жана сактоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Подмосковьедеги Химки соту Фогелди 14 жылга катуу тартиптеги абакка кескен. Бирок Путиндин кечирим берүүсүнүн негизинде ал эркиндикке чыкты.