www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги Орусиянын Москва шаарында нааразылык акциясына чыккандардын кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Анда бул окуялар "сөз эркиндигине, жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтирет" деп айтылат.
"Бул - Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз бул укуктар корголот деп ишенебиз", - деди Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Майя Косьянчич.
Уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө орус бийлиги ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин сактайт деп үмүттөнөрүн кошумчалады. Мунун алдында "Amnesty International" эл аралык уюму Москваны митингде кармалгандарды бошотууга жана укук коргоо органдарынын аракетине баа берүүгө чакырган. Москвада 27-июлда шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өттү. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлады. Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»