www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин ээлери митингге чыгат экендиги боюнча коомдо кайчы пикирлер жаралууда. Айдоочулардын бул кылыгын туура эмес көрөт. Көп эреже бузуп айдагандар да дал ушул маршруттук такси айдагандар деп чыккандар да жок эмес. Алардын катарында активист Назира Бегим да бизге төмөнкү оюн билдирди.

"Өткөн жылы кыштын кычыраган суугунда маршруттук такси айдаган айдоочулар жумуш таштап, элди түйшүккө салып эркелеген. Эми, митингге чыгабыз деп даярданып жатышыптыр.

Биринчиден, бул митинг атайын саясий максатта уюшулуп жатканы сезилет. Болгондо дагы Кытайларга каршы митинг менен бир убакта чыгышат экен. 

Маршруттук таксилер - шаардагы жол тыгындарын жараткан бирден-бир сепечилер. Элди толтуруп салып алып, бири-бири менен жарышып айдап, жол талашып, кээде түшө калып жакалашкан дагы ушулар. Айдап кетип жатып акча санашат. Маршруткалардын ичи таза эмес, балит. Биринчи өздөрү мыйзамды, эрежелерди сыйлап, тазалыкка үйрөнүп алып митингге чыгышса макул демекмин.

Бишкек шаары маршруттук таксилерден арылууга убакыт келди. Маршруттук таксилерди жою менен жол тыгындарын чечсе болот. Алардын ордуна көп жүргүнчү баткан автобустарды алып келүү керек. Өткөн жылы эле бул ишти колго алыш керек болчу. Жумуш таштаган маршруттук такси кызматын көрсөткөн фирмаларды кызматтан четтетип. Быйыл дагы жакшы шанс келе жатат, митингге чыккан маршрутниктердин фирмасын жаап, алардын, ордуна таза, талапка жооп бере ала турган автобустары бар фирмаларды тартуу керек!

Буга далил катары кече түнү болгон Тыныстанов-Киев көчөлөрүнөн жол эрежесин бузуп каршы тилкеге чыккан №199 маршруттук таксини тартып алдым жогорудагы сөздөрүмө далил кылып"- дейт Назира Бегим өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости