www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районундагы  иш сапарынын алкагында жергиликтүү калк менен жолугушуп, элет элинин турмушунан кабар алды.

Жолугушууда район тургундары таза суу, жол куруу, мектеп, бала бакча, оорукана, билим берүү сапатынын төмөндүгү, пенсия курагындагы мугалимдерди мектеп директорлугунан алуу сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева айыл жергесиндеги калктын жашоо шартын жакшыртуу керек экенин белгилеп, эл көтөргөн көйгөйлөр парламентте караларына токтолду.

“Сиздер көтөргөн пенсия курагындагы мектеп директорлору боюнча маселе Жогорку Кеңеште каралып, Өкмөттүн 65 жаштан өткөн мугалимдер мектеп директору боло алат деген демилгеси колдоо тапкан жок. Ал эми калктын аялуу катмарына жөлөк пул берүү шарттарын болушунча жеңилдетүүнүн аркетин көрүүдөбүз. Буга чейин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тапкан кирешеси эске алынып балдар үчүн жөлөк пул чегерилбей келген. Жогорку Кеңеш жөлөк пул алуудагы мындай көйгөйлөрдү жоюу маселесин кароодо. Андан тышкары, ички жана тышкы миграциянын күч алуусу менен жаш балдар кароосуз калууда”,-деди төраганын орун басары Аида Касымалиева.

Белгилей кетсек, жолугушууда Өзгөн районунда маммологиялык текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү жок экени айтылып, энелердин саламаттыгын алдын алууда биргелешип иш жүргүзүү керек экени белгиленди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости