www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент бут кийим сатып алды

2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы "чү" дегенде эле, Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда 2019-жылды "Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылы деп жарыялады. Президент санариптештирүү боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатканыбызды билдирди. Бирок, бул жаатта тынымсыз иш алып бараарын билдирди.

 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун тургундарынын жолдорду, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, калкты иче турган таза суу менен камсыздоо жана экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу суроолоруна жооп берди. Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков «Агропродукт Азия» айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкананын ишмердиги менен таанышып, андан өзүнө ылайыктуу бут кийим сатып алды.

Өлкө башчы Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо Борборуна баш бакты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости