www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын мусулмандары!
Баарыңыздарды ыйык Орозо айынын улуу күнү болгон Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! 
Орозо айында дүйнө мусулмандары руханий жактан тазаланып жана тобо келтирүү аркылуу Жаратканга сыйынып, орозо кармашат. Ылайым, ушул айда тилеген аруу тилек, асыл максаттарыңыздар орундалып, орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!
Орозо айт – кайрымдуулуктун, биримдиктин, боорукерликтин жана ынтымактын майрамы. Бул ыйык күндө бардыгы үй-бүлөнүн кашында, жакшылыкка ортоктош болуп, бири-бирине ак дилден чыккан тилектерин жолдошот. Алдыга жаңы үмүттөрдү, аруу максаттарды коюп, чын дилдеринен ниет жана тилек кылышат. Жакшылыктардын баары кабыл болсун деп тилейм! 
Орозо айт үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ынтымак жана бакыт-таалай алып келсин! Ар-бирибиздин рухубуздун тазаланышына, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жана мекенибиздин жаркын келечеги үчүн күч-кубатыбызды бириктирүүгө Жараткан өзү жардам берсин!
Айтыңыздар маарек болсун!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата Мекен” партиясынын лидери

Последние новости