www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инисинин кылыгынан тажагандыктан эжеси сотко кайрылды. Окуя Актөбе облусунда болгон. Бул тууралуу Нур.кз кабарлаган. 31 жаштагы Актөбенин тургуну Азамат кары апасы, улуу эжеси жана анын балдары менен чогуу жашайт.

Ал токсикоман боюнча наркологиялык диспансерде каттодо турат, наркомандар сыяктуу клей жыттап, ошого көз каранды болуп калган. Үйдөгү бар оокатты сыртка ташып сатып, түшкөн акчага клей сатып алууну адатка айланткан. Баласынын мындай жоругун көтөрө албаган апасы инсульт болуп калган.

Азамат апасынын абалына жаны ачып койбостон, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коляскасына салып, көчөгө чыгарып тилемчилик кылдыртып отургузуп коёт. Түшкөн акчаны дароо алып, клей сатып алууга жумшайт.

Күнү-түнү буларды багуу үчүн жан үрөп иштеген эжеси Азамат үйдө эч нерсе калтырбай, жада калса балдарынын тамактарына чейин сатып жок кылганын, эми минтип апасын кордоп жатканын айтып, аны эркинен ажыратуусун суранып сотко арыз жазган.

Соттолуучу күнөөсүн толук бойдон моюнга алып, кечирүүсүн суранган. Сот эки жылга эркинен ажыратып, бирок кайра үй камагына чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости