www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 300 миңдей жол эрежесин бузуу катталып, анын ичинен 130 миң 578 факт боюнча айдоочулар айып пулун төлөшкөн. Алар төлөгөн каражат жалпысынан 171 миллион сомго жеткен. Калган көрсөткүчтөр боюнча айып пулдун жарымынан көбү чогула элек.

Өкмөт дээрлик жарым жылдагы бул көрсөткүч жол кырсыктарын кескин азайтканын билдирди.

Бирок ошол эле кезде долбоордун алгачкы жыйынтыктарына карата сын азайган жок. Эгер «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген беш айдан ашыгыраак убакыттан берки жол эрежесин бузуу фактыларын санасак, толук 312миң 158ди түзөт. Мунун 4-мартка чейин катталган 18 миң 600үнүн айып пулу алгач кечилип кеткен, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости