www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коопсуз шаар" долбоорунан төрт айдын ичинде 145 миллион сом топтолгонун өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады. Бул мезгилдин ичинде жалпысынан 26 414 айдоочу эреже бузган. Ошончо айдоочулардын ичинен ушул күнгө чейин 42 пайызы айып төлөгөн. Эми бул каражаттын бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык - техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Документке ылайык, тийиштүү тараптарга каражат бөлүштүрулгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ал каражат тез жардам унааларын алууга, медициналык жаңы станцияларды ачууга, керектүү материалдык - техникалык жабдуулар сатып алууга жумшалмакчы.

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости