www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мага саясаттын кереги бар беле, биринин этин бири жей берсин"- деп ойлогондун өзү эле кайдыгерликке түртөт адамды. Эгер өлкө гүлдөп өнүгүп акыйкаттык иштеп турса, элдин жашоосу эл каалагандай болсо анда мен жеке чарбачылыгымды кылып оокатымды жүргүзө бермекмин.

Тилекке каршы бир ууч топтун колунда калган мамлекеттин тагдыры мени башкача ойлонууга жана жаңыча кадамдарды жасоого түртүп жатат. Убагында Садыр Жапаровду деле эл колдоп чыккан, чет жактагы мигранттардан бери Садыр Жапаровдун мекенчилдигин баалап кыйкырык- сүрөөнгө алып биз сиз мененбиз дешкен. Анан бийлик деген ажыдаар бул мекенчил жигитибизди каралап темир тордун артына тыгып коюшту. Эгер элдик бийлик күчүндө болгондо күнөөсүздөр олтурбайт эле түрмөдө. "Эр жигит эл четинде"- демекчи тобокелге салып, "башты канжыгага байлап", "жылаңач баатыр" болсом да эл менен жаңы багытта иштешүүнү эп көрүп олтурам. Бул жаңы баштаган кадамдарым тобокелчиликтин иши, Кудайым колдосун!

Мен өнүккөн өлкөнү, ар күнү жашоосуна ыраазы болгон кыргызды көргүм келет. Ырас ар кайсы тармакта көп иштедим, бирок мамлекеттик кызматтарда эмес, мамлекеттик кызматтын мага кызыгы да жок болчу. Эртең кара пиарчылар мени каалагандай шалтактатып жамандап чыкса таң калбайм. Ак, кара пиарчылардын арасында мени тааныгандар көп. Мурдагы иштеримде, жазууларымда кемчиликтер болгон аны танбайм, бирок эч качан элди экинчи орунга койгон эмесмин жашоомдо.

Садыр Нуркожоевичтин боштондугу үчүн да биз калың журт өз салымыбызды кошпосок болбойт. Мекенчил уулдарыбыздын түрмөдө жаткандары бошонуп, айласыз сыртка чыгып кеткендер мекенине кайтып келип элге кызмат кылса деген эле тилек!

Улан- Бек Алышбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости