www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе тургандыктан 12-13-мартта Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маал-маалы менен жабыла турган көчөлөр:

«Манас» эл аралык аэропорту — Бишкек жолу;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол.

Жол милициясы айдоочулардан 12-13-мартта аталган көчөлөрдүн жээктерин унааларын калтырбоону, жүк ташуучу чоң унаалар менен жолго чыкпай турууну, жол эрежесин сактоону суранат.

Эгерде башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Последние новости