www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта кыргыз медиа аймагында Раим Матраимов чоң талкуу жаратты. Ойлобогон жерден эле, ал көптөргө күтүүсүз кайрылуу жасады!

6 мүнөттүк видео кайрылууну  коомчулук бир жумадан бери талкуулап бүтө албай жатат. Видео New TV телеканалы аркылуу кечинде жарыяланган, андан жарым саат өтпөй аталган видео толук көлөмдө бардык сайттарда жайгашып, эң окумдуу макала болгон.

Раим Матраимов, Президент, экс-президент жана Текебаев менен катар эле өлкдө жаңы жүз (ньюсмейкер) болуп чыга калды. Муну кантип тактаса болорун билесиңерби?

Матраимовдун кайрылуусун бардык сайттар бекер эле жарыялашты. Бул  негизги көрсөткүч. Анткени, сен коомго кызык болуп турсаң, маалымат агенттиги сени жактырбаса жарыялоого туура келет.

Эгер ишенбесеңер, бардык эркектер чогулган жерди байкасаңар, сөзсүз түрдө Раим тууралуу да айтылат. Башында Матраимов “эл алдындагы карьерасында” өзүн жашырып, көмүскө жүргөндө, интернетте анын эки гана сүрөтүн көрүүгө болот эле. Азыр интернетте Раим медиа персонго айланды.

Негизги тезисти чыгарсак, видео кайрылуудан соң: - Раим Матраимов салмактуу ньюсмейкерге айланып, басма сөздө жана коомчулукта талкууга жем таштап турат.

-Раим Матраимов, башында дароо сынга кабылып терс көрүнгөн көрүнүш кийин кадимки оң моделге айланган “Овертондун терезисинде” 3-даражага  жетип калды.  Раим Матраимовду алгач сындап, жамандашса, азыр: “ал мынчалык не жамандык кылды”, “акыры ал издөөдө эмес да”, “ага кылмыш иши козголгон жок го” – деген сөздөр айтыла баштады.

Анын билдирүүсүнө Феликс Кулов жана башка саясатчылар пикир калтырууда. Бул деген өкмөт башчынын же ири саясатчыны талкуулоого барабар.

-Бүгүн басма сөз Раим Матраимовго иштеп жатат, себеби, ал тууралуу ар бир макала окумдуу болууда. Башкача айтканда, кечээ эле сындап жектеген журналисттер, бүгүн Раимдин атына, аны жеке инсан катары элге, коомчулукка таанылышына иштеп берип жатышат.

-Интернет айдыңында, кокустан эле Раим Матраимовго колдоо табылды, себеби, пикир калтырган фейктер же боттор эмес чыныгы адамдар болууда. Бул деген эки нерседен кабар берүүдө, бири – жарнамаланбаган кайрымдуулук жана  аны жамандагандарга Матраимовдун жердештеринин ачуулануусу.

-Алмазбек Атамбаев Матраимовду ашыкча сындаганы анын өзүнө зыян болду. Бул - Оскар Уайльддын “Мен сиздин дарекке ушунча каргыш уксам да, сиздин жакшы адам экениңизден шегим жок!” – деген учкул сөзүндөй болуп калды. Раим Матраимов  акыры эл алдына жана саясый технология жаатында да мыйзамдуу чыгып, ири Массалык маалымат каражаттарынын бирине маек бергенине саресеп салып турабыз.

Баса, Райымбек Матраимов бир нече саат мурун Матраимов өзүнүн Фейсбук социалдык тармагында өзүнүн баракчасын ачты, деп жазып чыкканбыз. Көрсө, калп экен... Биз тактадык. Эч кандай Р.Матраимовдун Фейсбукта өзүнүн өздү баракчасы жок. Кайсы бир фейктердин жасаган иш-аракети экендиги айтылды. Р.Матраимовдон достукка сунуш барса толкунданыштын кажети жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости