www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпыбызга белгилүү болгондой 15-июнда жергиликтүү «Бешинчи канал», «Азаттыктын» журналистти Али Токтакуновдун Кыргызстандан чыгарылган деген 700 млн. доллар тууралуу тараткан документтеринин жасалма экенин аныктаган иликтөөсүн коомчулукка ачыктады.

Ал тасмадан кийин Элнура Алканова менен Али Токтакуновдун ортосунда “иликтөө” күрөш күч алып, жыйынтыгында журналист Элнура Алканова Али мырзанын иликтөөлөрүн тастыктап берүү үчүн теле таймашка түз эфирге чакырды.  

Бирок бүгүнкү түз эфирге Али Токтакунов келген жок.  Ал ага чейин өзүнүн социалдык баракчасына “Райымбек Матраимов түз эфирге келсе ага суроо берүү үчүн барамын” деген пикирин жазып чыкты.

Так ушул таптарда социалдык тармактарда Токтакуновдун Матраимовдор тууралуу “Азаттыктан” көрсөткөн документтерге күмөн саноолор башталып, Матраимовдорду каралаган “Апрель” каналынын эфирин болушунча пайдаланмак деген пикирлер айтыла баштады. Ошол эле учурда “Азаттыктын” журналистинин Кыргызстандан чыгарылып кетти делген “700 млн АКШ долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин” деген тасмадагы сөзү коомчулук арасында ар кандай пикирди жаратты.  

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү өнүгүүнүн жолуна түшүп, жалпы адамзаттык көйгөйлүү маселелер талкууга алынып, башка мамлекеттер эл аралык аренада өзүнүн татыктуу ордун табуу багытында бара жатса, айрымдар Райымбек Матраимовду байлыгын байпагына чейин санап жатканы өкүнүчтүү.

Кара курсак, беш бармак жесең, атала ичсең дагы тоёт. Кыргыз эли качан бир ачылышты жасап калкыбыздын кадыр-баркын көтөрөбүз... же “бар болсо көрө албайбыз, жок болсо бере албайбыз” деген сөздүн маани-маңызына дагы эле жете элекпизби!

Айтор, тирүүлүктүн баркын билбей, аңдышып ашык атмай менен бара жатканыбыз таң калыштуу. Айрымдар так ушул таптарда өлүм, өмүр менен алек болуп жатса, биз Матраимовдор үчүн аябагандай каттуу күрөшүп жатканыбыз өтө өкүнүчтүү.

Бирок Матраимовдордун эл арасында “жарк” этип кирген саясый чөйрөгө чыга калышына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түздөн-түз өзү күнөлүү десек болчудай.

Ачуу чындык! Матраимовдор саясатта карышкыр эмес эле, Атамбаев Матраимовдору карышкырга айлантып, эми өзү токойго кире албай, туз мылтык көтөрүп чуркап жүргөн сыяктанат же Азимбек Бекназаров айткандай “не имею право молчать” дегендей эле, Райымбек Матраимовду “курама топтоп журт кылам, кулаалы топтоп куш кылам” дегендей, Матраимовдорду өзү бүркүт кылды... Эми Атамбаевдин учурдагы арманы узун дастан болуп убактылуу гана айтылып кала берет.

Эмнеси болсо да убакыт учкан куштай учуп, саясат улантылып, биздин өмүрлөр суудай агып жатат! Кыргыз элине жардам берип тарыхый иш кылайын деген эч ким жоктой, арзыбаган ушак күч алды! Тилекке каршы, учурда эки тарапка ээ-жаа бербей бөлүнгөн биздин замандаштар бир нече жылдардан кийин башыбызга чөп чыгып, дөмпөйгөн жердин астында жатаарбызды азыр унутпасак. Так ошол таптарда, илгери – илгери Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев деген хан болгон экен...деп гана айтылат, Матраимовдор эмес. Матраимовдор болгону кимдир бирөөнүн саясый кызыкчылыгы. Матраимовдор тууралуу айтылып жаткан сөздөр “ээси жок катындарга эрмек” болгондой эле болуп калды...Алардын ак же кара экенин тийиштүү органдар гана чечет...

Сөздүн соңунда баардык кыргыздарга жана кыргызстандыктарга ийгилик. Саясый сүзүшкөндөрдүн сынбас мүйүзү болсун, жараткан баарына жана баардык тараптарга ыйман-ынсап берсин! Райым “миллиондон” дагы Кыргызстанда 5 эсе акчасы чирип жаткан “сараң” байлар бар экенин унутпасак. Алардын байлыгына да көз артып кереги жок. Анткени ар бир инсан Кудай бешенесине эмне деп жазса ошону гана көрөт!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости