www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси, медицина илимдеринин кандидаты, консультант Гүлмира Айтмурзаева орозодо кофе, куурулган, ышталган, майлуу жана туздуу азыктар сунушталбай турганын айтып берди.

Рамазан айынын башталышына саналуу күндөр калганда үч маал гана тамактанып, алардын ортосунда шам-шум этип алганды токтотуп туруу керек. Ошондо күнүнө эки жолу тамактануу режимине өтүү жеӊил болот. Бул тууралуу Гүлмира Айтмурзаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орозодо кофе, куурулган, ышталган, майлуу жана туздуу азыктар сунушталбайт.

«Ооз ачкандан кийин пайдалуу азыктар менен тамактануу зарыл. Алсак, кара нан, дан, сүт азыктары, балык, тоок, эт, жашылчалар жана мөмө-жемиштерди жеген туура. Алгач жылуу суу ичип, курма жеш керек. Курма кандагы канттын деӊгээлин нормага салат. Бул учурда шашпай, тыным алып тамактаныңыз. Ооз бекитүүдө тамактануу маанилүү экенин унутпаңыз. Кечке чейин организм энергия, күч менен камсыз болуусу керек. Эртеӊ мененки тамактанууга дан азыктарынан же сулудан жасалган ботко, жумуртка, сыр жесе организмге пайдалуу, булар уулуу заттарды сүрүп чыгат. Ал эми жаӊгактын түрлөрү бир күн бою жакшы энергия берет. Ооз ачык убакта сууну көп ичкенге аракет кылыңыз. Орозо учурунда организмге суу жетишсиз болсо, мунун натыйжасы баш оору, чарчоо, баш айланууга алып келет. Негизи адам бир суткада орто эсеп менен 1,5-2 литр суусундук ичүүсү керек. Бул норманы ооз бекиткенге чейин толтуруңуз. Азыкты керектүү өлчөмдө гана жеген оӊ. Ооз ачкандан кийин ашыкча тоюп албаганга аракет кылуу керек. Ач калган организм дароо көп өлчөмдөгү азыкты кабыл алууга даяр эмес. Андан тышкары, ашказан жана башка өнөкөт оорусу барлар дарыгери менен кеӊешип алып анан гана орозо кармаганы дурус», — деди Айтмурзаева.

Ал орозо учурунда кыймыл-аракеттен баш тартпай, жеӊил көнүгүү жасап же ооз ачкандан соӊ сейилдөө керектигин кошумчалады.

Последние новости