www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөрдүн таш-талканын чыгарууга жол бергендердин бири да көз жаздымда калбашы керек», деди бүгүн, 2-июнда NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, Кумтөргө тиешеси бар мурунку чиновниктердин көбү суракка чакырылып, камала баштады. Кумтөрдөгү афёрага тиешеси барлардын баары камалышы керекпи?
- Алгач Кумтөр маселесинде кимдин канчалык күнөөсү бар же жок экенинин иликтеш керек. Ошого жараша жоопко тартса туура болот. Кыскасы, Кумтөрдүн таш-талканын чыгарууга жол берген азаматтардын бири да көз жаздымда калбашы керек. Ошолордун айынан Кумтөр бүгүнкүдөй абалга жетип, экология талкаланып, алтындын пайдасын эл эмес, шылуун компания көрдү. Ошон үчүн баарын көз жаздымда калтырбай жазалаш керек.
- Бирштейнди Кумтөргө Санжар Айтматов алып келген деген маалыматтар айтылып жүрөт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бирштейнди Санжар Айтматов эмес, Аскар Акаев өзү алып келген. Бирштейн менен депутат кезинде эле мамилеси болгон экен. Санжар Айтматов алар менен кумтөрдө гана чогуу иштешкен.
- Насирдин Исанов каза болгондо жанында Санжар Айтматов болгон деген дагы күмөндүү маалыматтар бар...
- Насирдин Исановдун жанында Бирштейн отурган. Насирдин Исановду Бирштейн өлтүргөн деген шек бар. Анткени, Кумтөр кенинин ачылышына Насирдин Исанов каршы турган. Ошон үчүн анын көзүн тазалашкан.
Булак: NazarNews.kg