www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Пакистанга барат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Пакистандын премьер-министри Имран Хандын чакыруусу менен Исламабадга барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Рахмондун Пакистанга сапары 2-3-июнь күндөргө пландалган.

«Тараптар экономика, соода, саясат, инвестиция, коопсуздук, коргонуу, маданият, билим берүү жана аймактык байланыш тармактары боюнча кызматташтыкты талкуулайт деп күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу каралган», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

«Озоди» радиосу тажик өкмөтүндөгү өз булактарына таянып, Тажикстан менен Пакистан делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки маселеге өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Алар — НАТОнун күчтөрү чыгып кеткенден кийинки Ооганстандагы абал жана Душанбе менен Исламабаддын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Пакистан Ооганстандагы тынчтыкты жана туруктуулукту колдой турганын билдирип келет. Бирок Кабул буга чейин бир нече жолу Исламабадды «Аль-Каида» жана «Талибан» кыймылдарынын түйүндөрүн колдойт деп айыптаган. Пакистан мындай айыптоолорду четке кагууда.

Душанбе Ооганстандын расмий бийлигин колдойт. Тажикстанда «Талибан» тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.

Исламабад менен Душанбе CASA-1000 долбоорунун ишке ашырылышын маанилүү деп эсептешет. Ал аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясы жеткирүү каралган.

Долбоордун жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашык. «Барки точик» ишканасынын акыркы маалыматына ылайык, Тажикстандын аймагындагы инфраструктуранын курулушуна 351 миллион доллар талап кылынат. Долбоордун тажик бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк, Европа банкы, Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Улуу Британиянын өкмөтү каражат бөлүп берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости