www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП партиясынын 31-мартта өткөргөн жабык жыйынынан кийин бул саясий бирикмени “өлүп бараткан” партиялардын катарына киргизген пикирлер көбөйдү. Маселен, экс-депутат, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков “Жалбырак ТВга” ушул багытта маек куруп, “КСДП партиясы регионалдык партияга айланды” деген пикирин билдириптир.
“Өткөн жекшемби күндөн баштап Социал-демократтар партиясы толугу менен өзгөрдү деп айтат элем. Мурда бардык региондордо салмагы бар, күчтүү партия деп аталып келген болсо, өткөн жумадан тарта Социал-демократтар партиясы регионалдык партияга айланды, муну ишенимдүү түрдө эле айта берсек болот. Анткени, кандай болгон күндө КСДПнын түштүктөгү күчү бул биринчи бийликтик күчү болчу. Экинчиден, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тегерегинин, командасынын чоң салымы болчу”, - дейт ал.
Бул айтылган кептердин чындыгы бар экенине аргасыз ынанасың. Себеби, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясы жалпысынан 430 миңдин тегерегинде добуш топтогон болсо, анын 150миңден ашууну бир гана Ош шаары жана Ош облусунан берилген эле.
Р. Жээнбеков КСДПны алтургай көпчүлүк облустарда өз таасирин жоготкон партияга айланды деп да кошумчалайт. “Азыр бир Социал-демократтар кичинекей эле, керек болсо түндүктө дагы бардык облустарда бекем кармана албаган партияга айланды деп айта берсек болот. Мен муну анализ менен айтып атам, аны убакыт бат эле көргөзүп коет”, - дейт ал.
Ооба, айрым эксперттердин айтымында, КСДП партиясынын азыркы тапта Таласта да таптакыр салмагы жок. Андыктан Равшан мырзанын айткандары менен макул болбой коюуга мүмкүн эмес.
“Экс-президент А. Атамбаев менен президент С. Жээнбековдун ортосундагы конфликт Социал-демократтардын курултайын дагы, экс-президенттин маалымат жыйынын дагы башкача өңүткө буруп атат. Курултай ошон үчүн жабык өттү. Анткени түштүктөн келген делегаттардын кээ бирлери нааразы болуп чыгып кетишти. Бул процесс дагы уланат, күчөйт. Жакынкы күндөрдө түштүктө Социал-демократтардын дээрлик бардык бөлүмдөрү жабылып калышы да мүмкүн”, -дейт Равшан Бабырбекович.
Мына ушуга окшогон пикирлер акыркы учурларда өтө көп айтылууда. Демек, КСДП партиясы да алсыздануу процессине баш-оту менен кирип кетти десек жаңылышпайбыз. Буга күнөөлүүнү сырттан издөөнүн кереги жок. Ага күнөөлүү - ашынган амбиция гана болду.
Булак: NazarNews.kg