www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан "Европа биримдиги — Борбордук Азия" экономикалык форумунун ("ЕБ — БА") жыйынтыктоочу резолюциясында аталган форумдун штаб-квартирасы Бишкекте орун алган катчылыгы ачылат деп ишеним артууда. Бул тууралуу вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, форум 2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жана европалык институттардын жетекчилери катышат. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери менен ЕБдин бизнес өкүлдөрү келери күтүлүп жатат.



--"Кыргыз тарап "Европа биримдиги — Борбордук Азия" экономикалык форумунун жыйынтыктоочу резолюциясында аталган форумдун штаб-квартирасы Бишкекте ачылат деп ишеним артууда. Катчылык Борбор Азия менен ЕБдин ар кайсы шаарларында жыл сайын өтчү форумдарды уюштуруу менен алектенет. Бул сунушубуз өнөктөш өлкөлөрдөн колдоо табат деп ишенебиз", — деди Сабиров.

Ошондой эле вице-премьер Кыргызстанда форумду уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлгөнүн билдирди.

Буриан өз кезегинде Европа биримдиги менен Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары окшош экенине токтолду.

--"Жашыл экономика" жана санариптештирүү жаатында багыттарыбыз бир экен. Келечекте мен укук үстөмдүүлүгү, адам ресурстары, билим берүү, тарбия, гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча адистерди даярдоо жаатында иштешүүнү сунуш кылам", — деди Буриан.

Мындан тышкары, ал форум регионалдык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча диалог куруунун эң жакшы аянчасы болуп каларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg



 

 


 

Последние новости