www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери УКМКнын Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге алдамчылыкка шектелген, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 24 жаштагы тургуну Э.Э.ни кармады.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын сентябрь айында Ысык-Көл РИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын саткан. Кийинчерээк аталган унаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү Э.Э. райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости