www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы жана ички) рекорддук 33 млрд 606 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 млрд 113 млн сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Последние новости