www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп, жолдор жабылат

Кыргызстанда Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас –Тараз жолдорунун айрым чакырымдарында кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкүнү атып түшүрүү иштери 13-январдан 19-январга чейин Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-135, 198-255-чакырымдарында жана Суусамыр – Талас – Тараз жолунунун 1-14-чакырымдарында жүргүзүлөт.

13-январда аталган иштер Бишкек – Ош жолунун 132-135-чакырымындагы Төө-Ашууда жана 198-чакырымында, Суусамыр – Талас –Тараз жолунда жүрөт.

Тоо баштарынан көчкүлөрдү атып түшүрүү учурунда унаа каттамдары маал-маалы менен жабылып турат.

Кар көчкүнү атып түшүрүү иштери боюнча кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости