www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун акими Айтибаев Курбанбектин тапшырмасы менен анын кол алдында иштеген сүрөттөгү аты-жөнү белгисиз кызматкери Zobolo масс-медиасынын башкы редактору Самара Босумбаеванын колун сындырып салды. Бул тууралуу журналист Айбек Нурланов билдирди.

"Сокулук районунун акими журналисттик иликтөөгө каршы чыгып, журналисттердин ишине тоскоолдук жараткан. Аны менен катар ал жерде ИИМ кызматкерлери да болгон. ИИМ кызматкерлери акимдин кызыкчылыгын коргоп, кайдыгер гана туруп беришти. 

Кол салуудан соң 102 кызматына байланышканбыз. Көптөн кийин баягы акимди коргоп жүргөн ИИМ кызматкерлери келишти. Бирок аларга кайрылуудан баш тарттык. Андан соң үч сааттан өтүп, эки ИИМ кызматкери келип, арыз алышты.

Жер маселеси боюнча жыйынды жабык эшик артында өткөргөн аким ага катышкан адамдардын телефондорун жыйнап, эшикти ичинен бекитип, сыртынан кызматкерлери менен милицияларга кайтартып алган. Ошондой эле, жыйынга барган элдин жарымы сыртта кире албай калышты.

Кызык, акимдин бул кадамы эмнени билдирет? Жашынып алып эмне деген иштерди бүтүрүп жатат?", - деп жазган Айбек Нурланов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости