www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцтармакта адамдарды, анын ичинде балдарды уруп-сабаган видеолор тарап жатат. Видеолордон «Принцесса Дури» деген сөздү угууга болот. Ички иштер министрлигинен бул окуялар боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.
«Баңги заттарын сатуучуларды сабап жаткан видео интернет мейкиндигине жайылууда. Баңги заттарды саткан адамдарды уруп-сабоо видеосу боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат республикада жана анын чегинен тышкары жашаган жарандарга туруктуу негизде кайрылат, андыктан жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелер боюнча өтүүдөн сак болуңуздарды маалымдайбыз. Бул багытта бардык зарыл болгон маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө, бирок буга карабастан жарандар жумуш издеп баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда. Баңги кылмыштары дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн!
Бул факты боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз. Баңги кылмышынын курмандыгы болгондор Бишкек шаары Токтогул көчөсү 80 дареги боюнча кызматка кайрылсаңыздар болот. Анонимдүүлүк кепилденет», — дешти.
Булак: NazarNews.kg