www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна бизнес борборун куруу пландалууда.
Долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдиргендей, мэрия “Шаако” фирмасына жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага берди.
“Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты “Рыско” ЖЧКсы “Центр Модулор” ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Бизнес борбор 25 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат”, - деди ал.
Болатбеков эскиздик долбоордун документи жакын арада “Бишкек башкы архитектуранын” кароосуна жиберилерин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg