www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-сентябрдаРоссиянын Улуттук гвардиялык аскерлеринин Федералдык кызматынын делегациясы Ички иштер министрлигинин Академиясында болуп, Академиянын иши менен таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Академияда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Академиясынын башчысы Тариель Абитов жана Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин Федералдык кызматынын делегациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү өткөрүлгөн.

«Жолугушууда тараптар Росгвардия менен ИИМдин Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. ИИМдин Академиясынын башчысы Тариел Абитов келген конокторго Кыргыз ИИМинин квалификациялуу кызматкерлерин даярдоо боюнча окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштырды», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Олег Плохой билим берүү жана илим тармагында кызматташууга, мугалимдердин өз ара сапарларын уюштурууга, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана окуу-методикалык материалдарды даярдоо, ошондой эле монографияларды, илимий эмгектердин жыйнактарын жана макалаларды басып чыгаруу жана илимий изилдөөлөрдү басылмаларда басып чыгаруу боюнча ой-пикирин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор электрондук тир окуу классын, криминалистикалык полигонду жана ИИМдин Академиясынын музейинде болушуп, ардактуу коноктордун китебине каалоо-тилектерин калтырышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости