www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыргалай Бекмуратова:
 “Мирлан, сен депутат эле эмес акынсың. Бирок, одоно айтыпсың... Байкуш аялзатын зөөкүр эркектер  тирүүлөй кескилеп жатса, кантип унчукпай коебуз?”

Nazarnews маалымат агенттигине "Мээр жазы” уюмунун башчысы Ыргалай Бекмуротова кайрылып, депутат Мирлан Самыйкожонун “жаман окуяларды жайылткандарга чара көрөлү” дегенине каршы пикирин билдирип,  “зөөкүр эркектерди жазмак турсун, эркектердин мыкаачылыгын коомчулукка жарыялап, абийирин айрандай төгүш керек”-деди.

-Мирлан сен жөнөкөй эле депутат эмес, баардык окуяны жүрөгүң менен өткөргөн акынсың го. Бирок, бул маселеде өтө одоно айтыптырсың. "Жаман окуяларды жайылтпаш" керек деп. Байкуш аялзатына зөөкүр эркектер каалаганын жасап, мууздап, тирүүлөй кескилеп, кулак, мурдун кесип мыкаачылык кылып, акылга сыйбаган нерселерди жасап жатышат. Андайды көргөндө кантип унчукпай коёбуз. Ал турсун жашы жете элек кыздарды зордуктагандар күч алды. Аларды кантип жокко чыгарабыз. Жакшыны чыгарып, жаманды жашырган сайын зөөкүрлөр күч алып, соттор мыкаачылардын акчасын алып, өздөрүн эркиндикке чыгарышууда. Соттордун туура эмес чечиминен дагы эле аялдар жабыркап, запкы чегип жатышат. Ошондуктан  зөөкүр эркектерди жазмак турсун, эркектердин мыкаачылыгын коомчулукка жарыялап, абийирин айрандай төгүш керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости