www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергосистемадагы авариядан улам Казакстандын Караганда шаарынын, ага жакын жайгашкан айылдардын, ошондой жана аймактагы алыскы Каркаралы жана Бухар-Жыраус райондорунун тургундары электр жарыгысыз калды.

Бийлик азырынча канча жашоочунун электр жарыгы өчкөнү боюнча так маалымат бере элек. Кеп миңдеген абонент жөнүндө болуп жатышы мүмкүн.

Мындан тышкары электр энергиясынын жапырт өчүшүнүн себептери да айтылган жок. Тургундар кечээ Карагандыда нөшөр жаан жааганын айтып, бул электр түйүндөрдүн ишине таасир эткен болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

28-сентябрь түшкө жакын Карагандынын акими Майрам Кожухов шаардагы ооруканалар электргенераторлорго өткөрүлгөнүн билдирди.

Шаардагы №3 Жылуулук электр борборунан билдиришкендей, учурда технологиялык бузулуунун себептери такталууда, станциялардын иштөө режими калыбына келтирилип жатат.

Жашоочуларга видеокайрылуу жасаган Караганды облусунун акими Ермаганбет Булекпаев электр жарыгынын жапырт өчүрүлүшүн "штаттан тыш абал" деп атады.

Жашоочулар Караганды шаарынын айрым райондорунда жол чырактары иштебей, жол кыймылын кайгуул кызматынын өкүлдөрү көзөмөлдөп жатканын билдирүүдө. Мындан тышкары электр энергиясынын жоктугуна байланыштуу суу берүү да токтотулганы кабарланууда.

Буга чейин өлкөнүн Энергетика министрлиги Карагандыдагы №3 ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилине карата даярдыгы орто экенин билдирген. 21-сентябрда парламент мажилисинин депутаттары аталган ЖЭБге барышкан. Анда жетекчилиги ЖЭБдеги оңдоо программасы соңуна чыгып калганын, күз-кыш мезгилине даярдык 92% аяктаганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости