www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер жана ишкер Урмат Акунов: Бир кезде – Аскар Акаевди кууп чыксак эле абалыбыз оңолуп кетет деп ойлогонбуз, кийин – Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаев, анан Сооронбай Жээнбеков менен дагы ошондой эле болду, баарын кууп чыктык, бирок абалыбыз өтө деле оңолгон жок. Президент менен жогорку бийликтин айланасына азыр кошоматчылар же кошумча акча табуунун ыкмаларын таап, схема түзүп бергендер чогулуп алган сыяктуу.

Калкыбыздын негизги идеологиясы катары – ар бир кыймылдан акча өндүрүү болуп калгандай, ошонун кесепетинен прокуратурада иштегендер кумарканага барып, ишкананын акчасын уттурат, ири соода борборунун иш башкармасы ижара үчүн деп ишкерлерден акча чогултуп, чет мамлекетке качып кетет, президенттин жаңы резиденциясын куруп жаткан инвесторлордон атка минерлер опузалап акча доолайт, ошол эле мезгилде белгилүү ишкерлердин мүлкү конфискацияланат, бирок бийлик бул иштерди мыйзамдуу аягына чыгарбайт...

Последние новости