www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия жакынкы айларда Украинадагы аскердик операциясын жыйынтыктап жеңишке жеткени турат. Владимир Путиндин көрөгөч саясаты, тыкыр ойлонулган стратегиялык планы, Америка баш болгон НАТОну жеңилүүгө душар кыла турган болуп калды. Ошол себептен, саясий, аскердик эксперттер АКШ Украина чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессин Россия чабуулун ийгилик менен аяктап, Путин жамааттык Батышты жеңгендигин жар сала электе башташы керектигин, кийин Америка башында турган НАТО жеңилип уят болушарын коңгуроо кылып кагышууда. Россиянын ийгилиги – Батышка жалгыз өзү туруштук берип, жеңип алганы менен бааланып, АКШ менен НАТО альянсынын беделине болуп көрбөгөндөй доо кетээри айтылууда.

Бирок, Америка жана НАТО акыркы бар болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, курал-жарактан көмөк кылып колдоп жаткандай түр көрсөтүп, курулай дымактуу билдирүүлөрү аркылуу Украинаны отко түрткөн шыкакчылыгын токтото турган түрү жок. Башкача айтканда, Украинанын акыркы аскери калганча согуш отун өчүрбөй тутанта бере турганы айкын көрүнүп турат.

Муну АКШ Украинага Avenger абадан коргонуу системасы, HIMARS ракеталык комлексине ок-дарылар, "Абрамс" танктарын жана башка 325 млн долларлык жаңы аскердик курал-жабдыктан жардам жөнөтөрүн убадалаганы, тынчтыкты каалабасын даана туйдурду. Ошондой эле, Германиянын дагы Украинага 400 миллион евролук учкучсуз учактарды өткөрүп берүүгө ниеттенип жатканы да бул жагдайды тастыктоодо. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болсо “Путин утпашы керек жана Канада Украинаны жеңмейинче колдойт” деп билдирүү жасап, отко май чачууда. Ал эми НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин: “Бул НАТОнун чыгышка кеңейип жатканы эмес. Чыгыштын НАТОго кошулушу. Эгер Украина жеңишке жетсе, биз Европадагы экинчи чоң армияга ээ болобуз. Биздин жардамыбыздын эң жакшы далили – бул Украинанын согуш талаасындагы ийгиликтери”, - деген билдирүүсү, согуш оту Россиянын жеңиши менен гана токтобосо, тынчтык орнобой турганы анык көрсөтүп турат десек жарашат.

Ошондуктан, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУда: “Зеленскийдин тынчтык формуласы, ага ылайык Орусия Украинанын бүт аймагынан, анын ичинде Крымдан өз аскерлерин чыгарып кетиши керек экен. Бул реалдуу эмес жана муну баары билет. Батыш Украинада болуп жаткан абалды олуттуу түшүнгүсү келбейт. Алар маселени согуш талаасында чечүүнү каалашат. Демек, баары согуш талаасында чечилет", - деп катуу жооп кайтарды.

Ырасында, учурда ийгилик, оомат Россия тарапта экенин дүйнө аңдап-сезишүүдө. Бир гана Америка жана НАТО реалдуу чындыкты моюндагасы келбей, Украинага көрсөтүлгөн жардамдар түккө арзыбаган ысырапкорчулук экенин көрүп-билип турушуп, өжөрлүккө салышууда. Бүгүнкү күндө Россия Украинанын асманын, Азов жана Кара деңизге чыккан аймактарын толугу менен көзөмөлдөп жатат. Бул Киев үчүн негизги көйгөй. Россиянын абадан коргонуусунун натыйжалуулугунан улам Украина жердеги бутага абадан сокку ура албайт. Буга байланыштуу жөө аскерлердин жана бронетехниканын илгерилешине колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Демек, асманда аскердик күч, колдоо болбосо, Америка берип жаткан  "Абрамс" танктарынын потенциалын толук колдонуу мүмкүн эмес. Мунун өзү Украинанын ийгиликке жетиши – иллюзия экенин билгизет.

Албетте, мунун баары дүйнөгө белгилүү болуп турат. Ошол Америка башында турган НАТОго да айдан-ачык түшүнүктүү. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Украинага жардам бере берип чарчашып, алардын ортосунда ич ара келишпестик, нааразычылыктар пайда болууда. Учурда Американын Батышка Украинага колдоо көрсөтүү боюнча кысымы да таасир этпей баратат. Европа биримдигине кирген өлкөлөр Украинаны ачык эле жерий баштады.

Күн өткөн сайын Киев менен анын Батыштагы союздаштарынын ортосундагы карама-каршылык күчөп барат. Айталы, Европа биримдигинин аткаруу бийлигинин жогорку органы болгон Европа комиссиясынын чечимдери суу кечпей калууда. Маселен, Украинанын дан азыктарына байланышкан тыюуну алуу боюнча Европа комиссиясынын чечимин Украина менен чектешкен беш өлкө; Болгария, Венгрия, Польша, Румыния менен Словакияга четке какты. Алар, украинанын арзан эгини жергиликтүү өндүрүшкө зыян бербеш үчүн, өз рыногун коргоп жандалбасташууда. Польшанын премьери Матеуш Моравецкий ачык эле: "Биз Берлин же Брюсселге кулак салбайбыз", - деди.

Польшанын Украина менен кайым айтышуусу “Европадагы көпчүлүктүн кыжырын келтирип, Европалык биримдикке байланыштуу суроолорду жаратты. Поляктарды сактанткан жагдай, Украина Евробиримдикке кирсе, айыл чарбага субсидиялардын көбү Польшанын ордуна Украинага кетет деп чочулоодо. Ошол үчүн өз көмөчүнө күл тарткан абал өкүм сүрүүдө.

Киев режими бир эле европалык союздаштары менен эле жаңжалдашып жаткан жери жок. Бул киевдик режимдин жалгыз тышкы саясий көйгөйү эмес. Анткени көп тарап менен мамилесин бузуп алды. Жакында эле Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Индия менен Кытайды “өз кадамдарынын кесепетин талдабаган, интеллектуалдык дараметтери чабал” деп катуу бир зекип алып, натыйжада Пекин түшүндүрмө талап кылганда "интеллект" дегенди туура эмес айтып алганын, "анын ордуна чабал аналитикалык потенциал", — дегиси келгенин айтып актанды.

Буга дейре Подоляк, Бириккен Улуттар Уюмун "акча табуучу контора", МАГАТЭ менен Кызыл чырым коомун — "биздин аң-сезимибизди ыпыр-сыпыр баалар менен толтурган фиктивдүү уюмдар" деп атаган. Анда Улуу Британиянын коргоо министри Киевди "ыраазы болгонду билбес" деп жемелеген. Кыскасы, Украина маселеси чет өлкөлүк оюнчулардын башын катуу оорута баштады.

Ал түгүл, Америкалык булактар Украинанын улам жардам талап кылганына такыр ыраазы болбогону, Жо Байденди кыжырдантканын да жазышты. Мурда Украина америкалык партиялардын башын бириктирген жалгыз тема эле. Бирок республикачылар соңку убакта Байденди зекип, Киевге көмөктөшүүнү токтотууну талап кылууда. Эгер демократ президент Ак үйдө дагы бир мөөнөткө калгысы келсе, оппоненттеринин айткандарына кулак салууга тийиш.

Андыктан, Украинанын тагдыры, Байдендин саясий тагдырына барган сайын шайкеш келе баштаганы салыштыруу ирээтинде кеңири айтылууда. Ошол себептен, Зеленский АКШдан мындан кийин  “керек болушунча” каалагандай жардам алуусу мүмкүн болбой, колдоо солгундап, өзү менен өзү калышы ыктымал. Бул эртедир-кечтир боло турган көрүнүш. Себеби, Зеленский сураганынын баарын алып бүттү. Эми мындан ары көмөк күтүп болбойт. Мына айталы, эгер бир жыл мурун Украинанын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү каралса, ага шылтоо болчу Россиялык агрессия тууралуу Батыш өлкөлөрү этияттап сүйлөп калышты.

Алдыда кыш турат. Европа эки жылдан бери Украина маселесинен улам Россиянын арзан газынан ажырап, кымбатчылыктын азабын, энергетикалык кризистин кедергисин жакшы эле тартып жатат. Экономикасы солгундап, өндүрүшү кыскарды. Миңдеген завод-фабрикалар жабылып, жабдууларын Америкага чыгарып кетишти. Бир канча жылдан бери экономикалык жактан АКШга көз каранды болбой, моюн толгоп калган Европаны, Украина жаңжалына тартуу аркылуу Америка жакшы жазалады. Европа өлкөлөрүн алсыздандыруу аркылуу, пайдага туйтунду. Кымбатчылыктан баш көтөрө албай, банкротко туш боло баштаган Европанын өндүрүш тармагындагы уникалдуу завод-фабиркаларын өз аймагына көчүрүп кетти.

Ал эми Россияга салынган санкцияларга токтолсок, Россиянын экономикасы жана аскерий кубаты төмөндөгөн жок. Тескерисинче, буга чейинки жылдарга караганда, кайрадан жанданып, жаңыланууга дуушар болду. Уйкуда жаткан аскердик, экономикалык тыныгуудан силкинип ойгонду. Дүйнө Россия-Украина жаңжалында Америка менен НАТОнун үстүнөн жеңиш майрамын майрамдай турган учурга саналуу айлар калганын сезип жатышат.

Шерипбаева Г. К.

"NazarNews" маалымат агенттигинин Башкы редактору

 

Последние новости