www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаңы төрөлгөн баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

“360” каналынын булагына таянсак, 21 жаштагы кыргызстандык кыз белгиленген убагынан эрте төрөгөндөн кийин ооруканага түшкөн, бирок анын жанында баласы болгон эмес.

Тергөөнүн маалыматына караганда, эртең менен ооруканага жаткырылган күнү, кош бойлуулуктун 7-айында бир аял кыз төрөп, аны дароо ваннага сууга чөктүргөн. Өлтүргөндөн кийин, ал өлүктөн кутулууга аракет кылган - ымыркайдын денеси Лховицкая көчөсүндөгү таштандыдан табылган.

Учурда шектүү кармалды. Ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости