www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда үч кыргызстандык COVID-19 илдетинен каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Орусияда COVID-19 илдетинен каза болгон кыргызстандыктардын туугандары маркумдардын аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнүштү.

Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн 51 жаштагы мекендеш 25-апрелде Москвадагы ооруканада каза тапкан. Туугандары ал бир топ жылдан бери Орусияга келип-кетип иштеп жүргөнүн, бронхит менен ооруганын айтышты. Акыркы жолу Москвага мартта ишке келип, апрелдин ортосунда сыркоолоп жатып калган. Тууганы буларды айтып берди:

«Кадимки сасык тумоодой эле башталган. Эки жума ошентип жүргөн. Дем жетпей кыйнала баштаганда «Тез жардам» чакырышыптыр. Анан жандандыруу бөлүмүндө төрт күн жатты. Өз алдынча дем ала албай калгандыктан ИВЛ аппаратына туташтырышты. Чынында акырына чейин эмне болуп жатканын билген жокпуз. Ооруканага телефондон эле байланышып турганбыз. Кийин сөөктү бергенде маалымдамада COVID-19 деп жазып коюшуптур».

Жабык табытта берилген сөөктү туугандары бир жумада Кыргызстанга жеткирип, Жалал-Абад облусунда жерге беришкен. Ал эми маркум менен Москвада бирге жашаган жана байланышта болгон адамдар карантинге алынган.

«Айылга түнкүсүн жеткирип, эртеси жерге бердик. «Москвада каза болуп калды» деп эле, коронавирус жөнүндө эч кимге эч нерсе айткан жокпуз. Чоңоюп калган балдары бар. Аялы карантинде», - деп түшүндүрдү тууганы.

Маркум Орусиянын жараны болгондуктан пандемияга байланыштуу чек аралардагы чектөөлөрдөн улам сөөктү Кыргызстанга алып кирүүдө бир топ кыйынчылыктар болгон. 5-майда Сургут шаарында каза болгон атасынын сөөгүн коштоп барган келин Орусиянын жараны болгондуктан Кыргызстандын чек арасынан өткөрбөй жатышканын «Азаттыкка» кабарлаган болчу. Өкмөткө кайрылышкандан кийин алар чек арадан өткөрүлгөн.

Ушул күндөрү COVID-19 илдетинен Москвада Ош облусунун Ноокат районунда 1961-жылы туулган эркек, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1969-жылы туулган аял каза болгону кабарланууда. Алардын жакындары маалымат берүүдөн баш тартышты.

Орусияда иштеген 750 миңдей кыргызстандыктын канчасында коронавирус аныкталганы расмий айтыла элек. Ошол эле кезде илдет аныкталып, ооруканаларда жаткан жана үй шартында дарыланып жаткан ондогон кыргызстандыктар тууралуу кабарлар бар.

5-майда Псков облусунда курулушта иштеген 38 кыргызстандыктан коронавирус табылганын Орусиянын органдары кабарлашты.

Ал эми кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча быйыл январь-апрель айларынын ичинде Москва шаары менен Москва облусунан 27 маркумдун сөөгү Кыргызстанган жөнөтүлгөн.

Юрист Мырзапаяс Карагуловдун айтымында, COVID-19 илдетинен каза тапкан жарандар боюнча маалымат жок.

«Январь-апрелде 27 «Жүк-200» кетти, - деди ал. - Сүйлөшүүлөргө ылайык, орус-казак чек араларынан тосколдуксуз эле өткөрүп жатышат. Бир адамдын коштоосуна уруксат берилген. Ал эми COVID-19 жуктурган, бул илдеттен каза болгон кыргыз жарандары тууралуу орусиялык органдардан бизге маалымат берилген жок».

Орусияда Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон кишилердин сөөгү жабык табытта берилет. Ошондой эле адам өлүмүн тастыктаган медициналык маалымдамада коронавирустан каза болгону так көрсөтүлөт.

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы 7-апрелде пандемия маалында коронавирустан кайтыш болгон адамдардын сөөгүн жууп, кепинге оробостон, жабык табытта көмүүгө уруксат берген фатва чыгарган. Документте сөөк жууган адамдардын инфекция жугузуп алуусун алдын алуу максатында ушундай чечим кабыл алынганы белгиленген. Буга кошумча маркумга жаназа намазын окуп, көмүүдө мүмкүн болушунча адамдарын санын азайтып, эки метрлик аралыкты сактоо сунушталган.

Соң бир күн ичинде Орусияда коронавирус 11 231 кишиден табылып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 177 миң адамдан ашты. Оорудан 24 миңдей киши айыгып, 1625 адам бул илдеттен каза болгону расмий катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости