www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинага Британия берген куралдар менен Орусия аймагына сокку уруулар улана берсе, Британиянын Украинадагы жана башка өлкөлөрдөгү аскердик объектилери менен техникасы бутага алынышы мүмкүн экенин эскертти.
Орусиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова бул тууралуу 27-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштыруу да Москва үчүн кабыл алынгыс. Орусиянын аскердик операцияларына тоскоолдук кылган чет элдик күчтөр мыйзамдуу аскердик бута катары каралышы мүмкүн.
Москва мындай билдирүүнү Британия Украинага узак аралыкка сокку уруучу Storm Shadow ракеталарын өндүрүү технологиясына жеткиликтүүлүк берери тууралуу маалыматтар тараган учурда жасады.