www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерликке каршы рейд учурунда 5,3 миң метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 100 килограммга жакын таштанды чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы 25–26-август күндөрү рейддик иш-чара өткөргөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз коюлган балык уулоочу каражаттар аныкталып, көлдүн акваториясынан чыгарылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдө жалпысынан 55 рейд жүргүзүлүп, 36 500 метр балык уулоочу тор (365 даана) жана 840 килограммга жакын таштанды суу түбүнөн чыгарылган.

Рейддер Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жүргүзүлүүдө.

Министрлик мындай көзөмөл иштери мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын билдирди.

Последние новости