www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө тургандыгына байланыштуу коопсуздукту камсыздоого даярдыкты күчөттү.
Учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өтө турган «Бишкек Арена» стадионунун аймагында ӨКМдин эки күжүрмөн эсеби нөөмөткө тартылды. Бул жерде өрт жана коомдук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Масштабдуу иш-чараларды коопсуз өткөрүү максатында мамлекеттик стратегиялык объектилерде мамлекеттик кызматтар жана күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
ӨКМ жарандарды жана иш-чараларга келген меймандарды коопсуздук талаптарын сактоого чакырды. Атап айтканда, электр жабдууларына жана жарык берүүчү каражаттарга жакындабоо, жардыргыч заттарды, аэрозолдорду жана газ баллондорду колдонбоо эскертилди.
Кырсык болгон учурда дүрбөлөңгө түшпөй, тиешелүү кызматтарга же 112 бирдиктүү номерине кабарлоо зарыл.
Эки эл аралык масштабдуу иш-чаранын коопсуздугун камсыздоого ӨКМден жалпы 607 кызматкер жана 36 техника тартылды.