www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы ишке даярдалды.

ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын маалыматына караганда, госпиталдын курамында 21 унаа жана 31 чатыр бар. Анда хирургиялык операция жасоочу жай, УЗИ, рентген, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана уюштурулган.

Мобилдүү госпиталь бир күндө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операция жасай алат.

Ошондой эле 90 бейтапты жаткызып дарылоого жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлүмүндө медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Учурда Кырчын жайлоосунда ӨКМдин Апааттык медицина кызматынан 20, Саламаттык сактоо министрлигинен 60 дарыгер иш алып барууда.

Мындан тышкары, госпиталдын курамындагы атайын унаада сууну чыпкалоочу жана абаны тазалоочу станциялар, ошондой эле жуунуучу жай каралган.

Кырчын жайлоосунда өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ӨКМдин эки тик учагы да нөөмөткө коюлат.

Ири иш-чаранын коопсуздугун камсыздоо максатында куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жер-жерлерде өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу унаалары, ошондой эле катерлер нөөмөткө коюлду.

Последние новости