www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын ӨКМ куткаруучулары Газа секторунун калкы үчүн 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Ил-76 учагы Казан аэропортунан Египетке учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналына жарыяланды.

"Россиянын ӨКМи Газа секторунун калкы үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү... Ведомствонун Ил-76 учагы Казандын аэропортунан учуп кетти. Гуманитардык жүк Египет Араб Республикасынын аймагына жеткирилип, египеттик Кызыл жарым ай коомчулугунун өкүлдөрүнө өткөрүп берилет. Алар жүктү кайра Газа элине жөнөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Россиялык гумжардам РФ президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсү жана РФ ӨКМ жетекчиси Александр Куренковдун тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

Гумжардамда азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, меш, жууркандар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости