www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги аталган ишканага таянуу менен менен жазды.

Электр тогу Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык системасы аркылуу транзит менен жеткирилет.

"15-апрелден тарта тарыхта биринчи ирет Россия Кыргызстанга электр энергиясын жөнөтө баштады. 2024-жылдын мартына чейин 900 миллион киловатт-саат экспорттоо пландалууда. Азыркы учурда жеткирүү саатына 400 мегаватты түзөт. Жеткирүүнүн көлөмүн аныктоочу негизги фактор Казакстандын Бирдиктүү энергосистемасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Эгер транзиттин көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралса, Россия тарап Кыргызстандын бардык дефицитин жаап берүүгө даяр. Учурда тартыштык 3 миллиард киловатт-саатка чейин жетет деген маалымат бар", — деп жазылат билдирүүдө.

"Интер РАО" — Россиядагы жана Европа, КМШдагы активдерди башкаруучу диверсификацияланган энергетикалык холдинг. Ошондой эле Россияда электр энергиясын экспорт-импорттоо менен алектенген жалгыз оператор.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости