www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ишкер Илон Маск акыл-эси соо адам АКШнын президенти болушу керек деп эсептейт. Ал ошондой эле, 2020-жылдагы шайлоодо Дональд Трампка добуш бербегенин мойнуна алды.
«Мен Байденге добуш бердим, бирок мен анын күйөрманымын деп айта албайм. Шайлоодо кабыл алынуучу оор чечимдер бар. Мен катардагы акыл-эстүү адамды президент кылышыбызды каалайт элем "деди ал Fox News телеканалына берген маегинде.
Джо Байдендин Кошмо Штаттардын президенти катары ишмердүүлүгүн жактыруу рейтинги болжол менен 40% деңгээлинде. Бул анын 2024-жылдын ноябрында боло турган шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгүнүн далили болушу мүмкүн.
Учурдагы Ак үйдүн башчысы бул маселе боюнча чечим кабыл алганын улам-улам кыйытып келгени менен, алдыдагы президенттик шайлоого кайрадан катышуу ниетин расмий түрдө билдире элек.
Булак: NazarNews.kg