www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Айтматова: Кейигеним бар...

6-апрель күнү "Насаатчы" эл аралык коомдук фондунун жана Жазуучулар Союзунун аялдар кеңешинин төрайымы Бүбүйра Бектенова жана "Асылзат Нуру" коомдук фондунун төрайымы Керимова Акылай Абакировна менен "Кыргыз Кербени" журналы, "Кыз Жигит", "Шамбала", "Кербен" гезит -журналынын башкы редактору Гүлбайра Турумова уюштурган "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү" жылына карата жана "7-апрель революциясына" арналган "Кыргызымдын чыгаан кыздары, кыраан мырзалары" аттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, Коомдук саясий ишимер, аялдарды колдоо борборунун төрайымы Роза Айтматова "Кылымдын залкары" аттуу төш белгиси менен сыйланды. Учурдан пайдаланып, маектешүугө үлгүрдүк.

- Роза апа, сыйлыгыңыз кут болсун!

- Рахмат, балам... Бүгун сыйлык алып, майрамдап отурабыз. Бирок, шейит кеткен балдарды  ойлогондо  кыйналып кетесиң. Ушундан көрө революция болбой эле койсунчу. Өлкөбүздө  дайыма  тынчтык болуп,   адамдар   бири-бирин сыйлап, түшүнүп турса жакшы болбойт беле. Кыргыз балдарынын өмүрү кыйылып кетти... Эми эмне кылабыз, шейит кеткен маркумдарга куран окуп, жакындарына өмүр, бакыт тилөөдөн башка айлабыз жок...

- Жаштарга насаатыңызды айтып кетсеңиз?

- Өсүп келе жаткан жаштарыбызга, муундарыбызга берээр насаатым адамдык сапатты, абийирди ар дайым бийик коюшсун. Айтаарым качан, кайсы күнү кандай конфликт болбосун, ачууга алдырбай акылга салып, бири-бирин сыйлап, тынчтык жолу менен чечишсин. Ар убак китеп окуп, пайдалуу иш жасашсын. Коомго пайдасы тийбесе да, жок дегенде зыянын тийгизишпесин. Мына ушунун өзү чоң пайда деп билем. Ар убакта билим алышсын. Илим-билим менен гана агарабыз. Улууну урматтап, кичүүнү сыйлап, бирине-бири арка-бел болуп, бири-бирин колдосун.

- Азыркы бийлик боюнча пикириңизди айтсаңыз?

- Менимче учурдагы бийлик туура эле жолдо бара жатат. Бул бийлик башчыларыбызга айтаарым, уул-кыздарыбызды чет элге ырыскы издетип тентитпей,   жер-жерлерге завод, фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзүп берсе жакшы болот.   Ошентип,   акырындап өнүгүп кете беребиз.

- Бүгүнкү күндө сиздин оюңуз боюнча кыргыз эли туура жолдо бара жатабы?

- Ооба, туура эле жолдо бара жатабыз. Кудай буйруса, биз да башка өлкөлөрдөй өнүгүп, өсөбүз. Кудайга шүгүр, баары жакшы... Бизден да начар жашаган, начар жолдо бара жаткан элдер канча?!! Башкысы, улутубуздун   уңгусун   жоготпой, каада-салтыбызды, наркыбызды бекем сактап, уул-кызыбызды туура тарбиялап, ата-бабадан келе жаткан мурастарыбызды ошол бойдон келечек урпактарыбызга таза өткөрүп берүүбүз керек. Бул үчүн ар бирибиз эмгектенип, аракеттенүүбүз зарыл.

- Быйыл залкар атабыз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да белгилен-ди. Болуп өткөн иш-чаралар боюнча оюңузду билдирсеңиз?..

-  Ооба, мен абдан ыраазы болдум. Бир кейигеним Чыңгыз Төрөкулович деде 90 жашка чейин жашаса болмок. Ойлогону, дүйнө туюму ордунда, күчтүү эле. "Эгер жашай берсе, дагы көптөгөн кайталангыс чыгармаларды жазат эле... тирүү турса болмок", - деп ошол жагын ойлойм...

Мекенибиздин ар бир айыл-кыштагында, район-шаарларында колдон келишинче жакшы белгиленди. Сиз туура айттыңыз, бир гана Кыргызстанда эмес, чет жерлерде да белгиленип, кубантты. Кантип ыраазычылыгымды билдирээримди билбей турам. Агамдын арбагы да ыраазы болуп жатса керек... Менимче жетиштүү эле болду го дейм. Эми бул келечек муундарыбызга мурас болуп калды. Чыңгыз агамдай залкар, улуу инсандар кыргызда көп болсун, эч токтобой, эч өчпөй жарала берсин деп тилейм.

Булак: Шамбала

Последние новости