www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текбаев камалгандан кийин анын бир топ тилектештери митингге чыгышып, каршылык акциясын жасаганга үлгүрүштү. Атургай мөөнөтсүз митинг жарыялап жиберишти. Ушу күндөрү дагы нааразычылык акциясы уланып атат. Албетте, бир топ аттуу-баштуулар митингде сүйлөштү. Өмүкеге жан тартышып, бүгүнкү бийликтин кылганына нааразы болушту.

Мына ошолордун ичинен эң бараандуусу, экс-президент Роза Отунбаева кайраттуу мүнөз менен азыркы бийликке кыйла акааратын көрсөттү. Өмүрбек Текебаевдин коргоо штабын түзүп, президент Алмазбек Атамбаевге каршы УӨ мүчөлөрүнүн биримдигинде сокку жасоо боюнча идеяларын айтканы, бул бийлик менен акыр аягына чейин күрөшчүдөй түр жараткан. Дал ушул маанайында “Акжол” партиясынын активдүү экс-депутаты Бегалы Наргозуевдин сайтына чыгат. Анан бир кездеги оппозициячыл КСДПнын экс-фракция лидери, экс-президент Роза Отунбаева “Кыргызстан бүгүн” сайтынын редакциясына чалып, “Атамбаевге каршы айткан сөздөрүмдү алып койгулачы, сиздерден суранам?” деп так түйүлүптүр.

Мындай маалыматты уккандан соң анализ жасайсың да. Көрсө, Бишкекке Путин келгени, Атамбаев экөө чогуу пресс-конференция беришкени, аныгында катуу сөздөр айтылганына күбө болбодукпу. Кайран апчебиз кайратынан качып, Атамбаевдин курч маанайдагы сөздөрүнөн коркуп кетип, митингде айткан сөздөрүн тазалоого ашыгып, артка кетенчиктеп калыптыр. Сыягы, эми мындан ары мурда айткан ачуу тилинен чочулап, жадагалса Текебаевди колдогон акцияга катышпай калабы? Ошондо жалындуу сөздөрү күлгө айландыбы?..

Булак: asianews.kg 

Последние новости