www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кипр рум башкаруусунун кипрдик түрктөргө карата эмбарго аракеттери чек билбейт. Румдардын бөлүүчүлүк кыймылы бул жолу балдарга таасирин тийгизди.

Түндүк Кипр Түрк Респуликасындагы 23 -  Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамына катышуу үчүн рум бөлүгүндөгү Ларнака аэропортуна барган Сербия группасы аймакка киргизилген жок.

Түрк тарабына өтүшөрүн билдиришкендиктен өлкөгө киришине уруксат берилбеген балдар 24 саат аэропортто кармалгандан кийин өлкөдөн чыгарылды. Буга Түндүк Кипр Түрк Республикасы катуу каршылык көрсөттү.

Билим берүү жана маданият министри Өздемир Берова балдарга карата мыйндай мамиленин акылга сыйбай тургандыгын айтты. Берова : «Балдарыбызга мындай мамиленин жасалышынан улам капалуубуз. Бактылуу, шаңдуу фестивалда өз элдик бийлерин бийлей турган жана балдардын ортосунда бир туугандык менен достукту бекемдей турган  майрамга катыша алышкан жок. Анын тышында күнөлүүдөй  мамиле көрүп, адам укуктары жок сыяктуу өлкөлөрүнө депортация кылынды»,- деди. Министр Берова группаны кийинки иш чарада Стамбул аркылуу Түндүк Кипр Түрк Республикасына алып келип коноктошорун белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын катчысы  Барыш Буржу да : «Балдар майрамына катышууну каалаган балдарга эмбарго кылуунун негизи жана түшүндүрмөсү жок»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости