www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи  ал  волонтерлорду  сурап жатканда ушундай жооп болуп калды деп актануу ирээтинде жазып чыкпадыбы.  Айыл-айылды кыдырып  орус тилин үйрөтсөк дейт.  Биз Кыргызстан  мамлекети көз карандысыз, эгемен өлкө  болгондон кийин Карамушкина өзү кыргыз парламентинде олтурат. Анын статусу кыргыз тилин үйрөнүүгө милдеттендирет. Биз Россиядан волонтерлерди чакырып эмес,  парламенте кыргыз тилин мыкты билгендерди жиберип, кыргыз тилин  билбегендерди  үйрөтүшүбүз зарыл. Буга  чейинки анын кадамдары депутаттыкка татыксыз экенин далилдеген. 

Ошондуктан  биз кол чогултуп 3660 адамдын колун “СДПК” фракциясына киргизгенбиз.  10-мартта кирген, бүгүнкү күнгө чейин каралбай турат. Мурда эле билгенбиз татыксыз экенин. Биздин кол чогултуп анын татыксыз экенин айтканыбыз бүгүн далилденип жатат. Карапайым  калк эмес, депутаттардан да нааразычылык чыгып  бизди уят кылды деп айтып олтурушат.  Кыргызстанда  тескерисинче мамлекеттик тилге болгон мамиле өтө начар,  расмий тилге болгон алака абдан жакшы. Бишкекте мектептерди карасак 60% орус тилдүү мектептер.  Анан кайдагы  чектөө жөнүндө айтуу мүмкүн? Чектөө гана эмес, расмий тилге   ашыкча   көңүл бурулуп жатат. 

Конституциядагы  расмий тил деген түшүнүктү алып салуу керек. Расмий тил деген түшүнүктүн бизге кереги жок. Мамлекет деген бир гана тилдүү болот. Кошумча мага десе 100 тилди үйрөнсүн. Бул ашыкча  болбойт. Бирок биринчи өзүнүн эне  тилин билбесе кандай адам деп эсептөө керек? Мамлекет  тили,  дини, аянты, жери эл менен мамлекет болуп эсептелинет. Тил эң башкы нерсе.  Эки тилге статус берсек кош тилдүү мамлекет болобузбу?  Бир гана мамлекеттик тил берилиши керек, болду. Башканын зарылчылыгы жок.

 

 Даярдаган Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости