www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу тажик тарабынын демилгеси менен уюштурулду. Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды. Апрель айында болгон кайгылуу окуялардын контекстинде министр Казакбаев достук мамилелерин бекемдөөгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышууларды болтурбоого өбөлгө түзүүгө чакырылган Бишкектеги жана Душанбедеги эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жоопкерчиликтерин жана дипломаттардын алдыңкы ролун өзгөчө басым менен белгиледи.
Министр Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, эки мамлекеттин аймактарында Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу туруусуна тиешелүү маселелер талкууланды.
Булак: NazarNews.kg