www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Мэлис Сатыбеков, "Кыргызалтын" ААК Башкармалыгынын төрагасы Маратбек Чолпонкулов Башкармалыктын мүчөлөрү Кубанычбек Турдукожоев, Азамат Алиев жана тийиштүү бөлүмдөрдүн башчылары менен чогуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, "Макмал Голд Компани" ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты.
"Кыргызалтын" ААКнын жетекчилиги бир катар жолугушууларды өткөрдү: Жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоо боюнча Макулдашуунун аткарылышын иликтөө максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен жолукту жана жергиликтүү калктан 20дан ашык адам иштей турган этти (колбаса жана башка продуктуларды) жарым-жартылай кайра иштетүү менен, бир сменада 30 башка чейин бодо мал жана 100 башка чейин майда жандыктар союла турган касапкананы куруу боюнча капсула салуу аземине катышты.
Ошондой эле, Макмал Голд Компани ЖЧКсын социалдык жактан колдоо боюнча келишимди жүзөгө ашыруу максатында, балчылык чарбасын өнүктүргөндүгү үчүн жергиликтүү калкка 1000 сертификат берилди.
Мындан тышкары, карантин учурунда Тогуз-Торо районунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү максатында «Кыргызалтын» ААК 189000 сомдук азык-түлүк, 10 даана кычкылтек концентраторлорун жөнөтүшкөн. “Нур-Жайык” кичи районунда көчөлөргө жарык орнотулуп, 8 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолду.
Бүгүнкү күндө "Макмал Голд Компани" ЖЧКсы Тогуз-Торо районунун жергиликтүү тургундары болгон 480 адамга жумуш табууга жардам берди. 2020-жылдын октябрь айынан бери айлык акы 5000 сомго көбөйтүлдү. Пандемия учурунда 2 даана кычкылтек концентратору, дары-дармектер, антисептиктер, медициналык маскалар жана жалпы суммасы 10000 АКШ долларына азык-түлүк сатылып алынды.
Жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, чакан жана орто бизнести колдоо максатында 850 000 сомдон ашык суммадагы материалдарды, азык-түлүктү жана айыл чарба азыктарын ай сайын сатып алууда.
Районду өнүктүрүү фондуна 10 миллион сом которулган. 300дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.
Районду өнүктүрүү фондуна 10 миллион сом которулган. 300дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Райондук жугуштуу оорулар ооруканасынын жылытуу системасы 250 000 сомго оңдолду.
Булак: NazarNews.kg