www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Орусияга болгон санкцияларга байланыштуу күзгү азыктүлүк коопсуздугу элди кооптондурууда. Кандай абал күтүлүшү мүмкүн?
- Мен башка азык-түлүк боюнча болбосо да ун боюнча айтсам. Буудай түшүмүн алуу убактысы жакындап калды. Орусия менен келишимдерди түзүп, буудай келе жатат. Буга чейин март айынан баштап Орусиядан буудай алууга тыюу салынып калган. Биз комбинаттардагы өз запастарыбыз менен иштеп жаттык.
1-июлдан тартып тыюу салынган токтом жокко чыгарылды. Түзүлгөн келишимдер аркылуу Россиядан бизге буудай келет. Өзүбүздө өстүрүлгөн буудай түшүмү 30-40% керектөөлөрүбүздү жабат. Казакстандын буудайынын баасы жогору болууда, ошон үчүн Россияны күтүп турдук. Ал эми тегирмендер биринчи сорт унду 38 сомдон сатып жатат.
Орусиядан келчү буудайга рублдин курсу менен келишим түзүлдү, баасы курсуна жараша болот. Рублдин курсу төмөн болсо, буудай баасы да төмөн баада келет. Өзүңүздөр билгендей, дүйнө жүзүндө кризис болууда. Кошуна Өзбекстан, Тажикстанда ундун баасы 45-47 сомдон. Бизге салыштырмалуу жогорураак. Жаңы буудайга дагы ушул эле бааны сактап турууга аракет кылабыз. «Таптакыр ун жок калат» деген коркунуч жок. Балким, азыраак кымбатташы мүмкүн. Ал эми башка азык-түлүктөргө, мисалы, өсүмдүк майы, шекерге салыштырмалуу ундун баасы кескин жогорулаган жок.
Булак: Азия News гезити