www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам укуктары боюнча жаштар бюросу мугалимдерди кемсинткендер үчүн айып пул салууга каршы кол топтой баштады. Петиция change.org сайтында жайгаштырылды.
Уюм 2022-жылдын февраль айында бир нече депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкканын, ага ылайык окуучунун ата-энесине мугалимдерди кемсинткендиги үчүн айып пул салынып, кайра кайталанган учурда административдик камакка алуу жазасы колдонулушу мүмкүн экенин эске салды. Июнь айында Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
«Ошол эле учурда биздин өлкөдө балдар коомдун эң аярлуу катмарынын бири бойдон калууда, алар күн сайын зордук-зомбулукка жана кысымга дуушар болушат. Бирок мамлекет балдарды коргоону күчөтүүнүн ордуна аларга кысым көрсөтүүнүн кошумча ыкмасын түзүүнү сунуштап жатат», - дейт кайрылуунун авторлору.
Алардын пикири боюнча, мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келет, анда “балдар – Кыргыз Республикасынын эң маанилүү баалуулугу” деп жазылган. Мындан тышкары, бул документ Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди бузат.
Булак: NazarNews.kg